Түркия Кыргызстанга 2012-2015-жылдары 58,8 миллион доллар карызын кечти
Түркия Кыргызстанга 2012-2015-жылдары социалдык-экономикалык долбоорлорду өнүктүрүү үчүн тарткан 58,8 миллион доллар карызын кечти. Бул Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тышкы карызды жашыл экономика долбоорлоруна алмаштыруу демилгесинин аркасында мүмкүн болду, аны Түркия лидери иш сапарынын алкагында колдоого алды.