
Жаңы жолдор региондорду бириктирип, экономикалык өсүштү колдойт
Кыргызстанда акыркы жылдары жол курулушу активдүү өнүгүүдө. Мамлекеттик бюджеттин колдоосу менен стратегикалык жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча ири долбоорлор ишке ашырылууда. 2025-жылга карата асфальтталган жана жаңы курулган жолдордун узундугу 1200 километрге жетет. Бул жолдор эл аралык транзитти камсыздап, товарларды ташууга, туризмди өнүктүрүүгө, жарандардын кыймылын жеңилдетүүгө жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө чоң салым кошот.








