Жыл башынан бери Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 8,8 миллиард долларга жетти
Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 2024-жылдын январь-июль айларында 8,8 миллиард долларды түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7%га өстү. Экспорт 3,7% азайса, импорт 6,7%га өскөн. ЕАЭБ менен өз ара соода жүгүртүү 2,4 млрд долларды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 8,7% аз, ал эми сооданын негизги бөлүгү Россия менен Казакстанга туура келген.