Тег экосистемалары

Колумбияда өтүп жаткан БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк конференциясында Кыргызстан тоо маселесине көңүл бурат

Динара Кемелова жетектеген кыргыз делегациясы Колумбияда өтүп жаткан биологиялык ар түрдүүлүк боюнча тараптардын 16-конференциясына активдүү катышып, тоо экосистемаларын коргоо, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана жаратылышты коргоо боюнча эл аралык демилгелерди талкуулоодо. Кыргызстан биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, экологиялык долбоорлорго ресурстарды тартууну, анын ичинде трасттык фондду түзүүнү пландаштырууда.

Бишкекте климаттын өзгөрүшү боюнча жаштар конференциясы: Борбор Азия жана Ооганстан көңүл борборунда

Бишкек климаттын өзгөрүсүнө арналган эки күндүк аймактык конференция башталды. Жаштар жана балдар Кыргызстан, Казахстан, Узбекистан, Туркменистан, Таджикстан жана Афганистандан келишти. Конференцияда климаттык каржылоо, гендердик тендик, жана жаштардын климаттык саясатка катышуу боюнча маселелер талкууланат. Ушул талкуулардын жыйынтыгы Бакуда өтө турган дүйнөлүк конференцияда сунушталат.

Бишкекте климаттын өзгөрүшүнө арналган ири жаштар конференциясы өтөт

2024-жылдын 5-6-сентябрында Бишкекте Борбордук Азиядагы жана Ооганстандагы климаттын өзгөрүшү боюнча жаштардын жана балдардын аймактык конференциясы өтөт. 200дөн ашык адам катышып, балдар менен жаштарга таасирин тийгизген климаттык чакырыктар менен күрөшүү боюнча демилгелерди талкуулашары күтүлүүдө. Конференция Бакудагы Бүткүл дүйнөлүк жаштар конференциясында сунуштала турган сунуштарды жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу үчүн аянтча болот.