Тег эксперттер

Кыргызстандын криминалисттери ФБР тарабынан тастыкталган манжа жана алакан үчүн жогорку технологиялуу сканерлерди алышты

Бишкекте Ички иштер министринин орун басары менен ЕККУнун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда биометрикалык идентификациялоо үчүн заманбап 9 сканер тапшырылды. Түзмөктөр жогорку сапаттагы сүрөттөрдү камсыз кылат жана шектүүлөрдөн маалыматтарды чогултуу үчүн колдонулат. Иш-чарадан кийин эксперттер окуудан өтүп, сертификаттар тапшырылды.

Кыргызстандык кинорежиссерлор XVI Ташкент эл аралык кинофестивалына катышат

Сентябрдын аягында Ташкентте “Жибек жолунун бермети” XVI Эл аралык кинофестивалы өтүп, ага Кыргызстандын кино чеберлери катышат. 60 өлкөдөн 400дөн ашык тасмалар, ошондой эле белгилүү актерлордун мааракелерине арналган иш-чаралар жана чет элдик режиссерлордун мастер-класстары күтүлүүдө. ТҮРКСОЙ өлкөлөрүнүн анимациялык тасмалары боюнча форум биринчи жолу өткөрүлөт.

Бишкекте ЖККУ өлкөлөрүнүн эксперттеринин консультациялары өттү

6-сентябрда Бишкекте 1992-жылы кол коюлган Жамааттык коопсуздук келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча үчүнчү протоколдун долбоору боюнча ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн эксперттеринин консультациялары өттү. Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын катышуучулары негизги өзгөртүүлөрдү талкуулап, протоколго кол коюу менен жыйынды жыйынтыкташты.

Лондондо өткөн Бүткүл дүйнөлүк кардиология конгрессинде кыргызстандык жаш дарыгер өзүнүн изилдөөсү менен тааныштырды

31-август Кыргызстандын жаш даригери Акмарал Рустамбекова Лондондо откон дуйнолук кардиолог конгрессинде илимий доклад менен чыкты. Анын англис тилиндеги баяндамасы эл аралык адистер тарабынан жогору бааланып, талкуу жарайт. Конгресске дуйнонун торт бурчуан 30 минден ашык катышуучу чогулду. Рустамбекованын ийгиликтуу чыгышы Кыргызстандын кардиология тармагы адистердин дайардыгынын жогорку денгеелин корсотту.

Бишкекте органикалык заттар боюнча ири аймактык форум өтөт: каттоо мөөнөтү

20-22-сентябрь, Бишкек “Органикалык Экспо – 2024” форуму. Бул форум органикалык айыл чарба, экология таза азыктар жана климаттын өзгөрүшүбоюнча маселелерди талкуулоо үчүн арналган. Эксперт, мамлекеттик органдар жана донорлор биргелешип, органикалык айыл чарба тармагын онуктуруу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу. Форум жаны технологияларды, тажрыйбаларды жана оноктөштүктү түзүүгө мүмүкүнчүлүк алат. Регистрация 10 кундон кийин жабылат.