Тег экспонаттар

Бишкекте Махмуд Кашгаринин “Дивану лугати т-түрк” чыгармасынын 950 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Махмуд Кашгаринин “Диван лугати т-Түрк” чыгармасынын 950 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Көргөзмө сөздүктүн түрк элдери жана алардын маданияты тууралуу билим булагы катары баалуулугуна басым жасалат. Иш-чарага мамлекеттик жана маданий уюмдардын өкүлдөрү чогулуп, Кашгаринин тарыхый мурастарды сактоодогу эмгегинин маанисин белгилешти. Көргөзмө 15-декабрга чейин уланып, келгендерге түрк цивилизациясынын байлыгын чагылдырган уникалдуу экспонаттарды тартуулайт.

Бишкекте Алыкул Осмоновдун үй-музейи капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмоновдун үй-музейи кайрадан ачылды. Музейде азыр эки миңден ашык экспонаттар, анын ичинде акындын жеке буюмдары жана анын кол жазмалары бар. Реставрация Түрк маданияты фондунун жана Маданият министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылган.