Тег экспорттук көзөмөл

Кыргызстан менен Евробиримдик соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат

Бишкекте Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы Соода жана инвестиция боюнча подкомитеттин 20-жыйыны өтүп, анда экономикалык байланыштарды чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөнүн ВСП+ программасына катышуусу талкууланды. Кыргыз тарап экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө багытталган жогорку кошумча нарк менен товарларды өндүрүү жана индустриялаштырууга өтүү боюнча пландарды сунуштады.

Жыйында министрлер кабинети ондон ашык маселени талкуулап, маанилүү чечимдерди кабыл алды

Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында өткөн министрлер кабинетинин жыйынында билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү жана агрардык тармактын программасы сыяктуу орчундуу маселелер каралды. Жер тилкелерин жана энергетика концепцияларын трансформациялоо боюнча чечимдер кабыл алынып, экспорттук көзөмөл жана запастарды башкаруу боюнча өзгөртүүлөр бекитилди.