Нарын районундагы «Ат-Башы эт» этти кайра иштетүүчү ишканасы чыгарган продукциясы ислам стандарттарына туура келгендигин тастыктаган «Халал» сертификатына ээ болду. Бул инвестиция тартуу жана Кыргызстандын халал индустриясында экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Түрк аба жолдору Бишкектен Шанхайга 300 тоннага чейин айыл чарба жүктөрүн жума сайын ташып баштайт, бул жеткирүү чыгымдарын кыйла азайтат. 2024-жылдын сентябрында кол коюлган келишим Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого багытталган.
Кыргызстанда ЕАЭБ жана ЕБ өлкөлөрүнө айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо үчүн эки соода-логистикалык борбор түзүү пландалууда. 2024-2028-жылдарга бекитилген программага түндүктөгү эл аралык борбор жана 20 райондук борборлор кирет, бул айыл чарба тармагынын натыйжалуулугун жогорулатып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылат.
2024-жыл-дын 16-августунда бир нече айыл чарба бирикмеси биригиши жаряланган. Алдардын максаты - олконун азык-тулук коопсуздугун камсыз кылуу, ички ондурушту онуктуруу жана экспорттук потенциалды жогорулатуу. Министрлик агроалянстын аракеттерин колдоого алууга убада берди.