Тег Эл аралык карылар күнү

Ош шаарында карылар күнү белгиленди

Ош шаарында карылар күнүнө карата пансионатта тамак-аш белектерин тапшыруу жана материалдык жардам көрсөтүү сыяктуу иш-чаралар өткөрүлдү. Медицина факультетинин студенттери тарабынан бекер кароо уюштурулуп, пенсионерлер концерттик программа менен майрамдык түшкү тамактанышты.

Бишкекте “Жүрөктөн жүрөккө” кайрымдуулук жарманкеси: фоторепортаж

Бишкекте Эл аралык карылар күнүнө арналган “Жүрөктөн жүрөккө” кайрымдуулук жарманкеси өттү. Иш-чара уникалдуу буюмдарды жана сувенирлерди тартуулаган 40ка жакын өз жардам топторун бириктирди. Конокторго мастер-класстар, лотерея жана улгайган жарандардын жигердүү узак өмүр сүрүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган спорттук иш-чаралар сунушталды.

Парламент депутаттары жубайларды 50 жылдан ашуун убакыттан бери баш кошкондорунун мааракеси менен куттукташты

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттары 50-60 жылдан бери баш кошкон 20дан ашык түгөйдү Эл аралык карылар күнү менен куттукташты. Марлен Маматалиев алардын жаштарды тарбиялоого, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого кошкон салымын баса белгилеп, аларга ден соолук, узун өмүр каалады. Сыйлангандардын арасында белгилүү инсандар, анын ичинде академиктер, Олимпиада чемпиондору бар.