Садыр Жапаров эл аралык коомчулукту климаттык өзгөрүүлөргө дуушар болгон тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө чакырды
Бакуда өткөн COP29 саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тоо экосистемаларын коргоонун маанилүүлүгүн белгилеп, эл аралык коомчулукту климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө кызматташууга чакырды. Ал суу ресурстарына жана жергиликтүү тургундардын бакубаттуулугуна залакасын тийгизген мөңгүлөрдүн эрүү коркунучун белгилеп, тажрыйба алмашуу жана тоолуу аймактардагы көйгөйлөрдү чечүү максатында жыл сайын «Тоолор жана климат» диалогун өткөрүүнү сунуштады.