Жогорку Соттун Төрагасы ЮСАИДдин «Укук Булагы» долбоорунун жетекчиси менен жолугушту
Бишкекте Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев менен USAIDдин “Укук булага” долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстондун жолугушуусу болду. Соттук-укуктук реформа, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык сот адилеттигинин стандарттарын киргизүү маселелери талкууланды.