
Кыргызстан менен Франция билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүүдө
Кыргызстандын билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева Франциянын элчиси Николя Фай менен жолугушуп, мектептик жана кесиптик билим берүү тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Француз тилин окутууну кеңейтүү жана кесиптик лицейлерде француз ашканасы боюнча кыска мөөнөттүү курстарды киргизүү сунушталды.








