Тег электр станциясы

Бишкекте 300 миллион долларлык жаңы электр станциясын куруу пландалууда

“Orta Asya Investment Holding” ААК менен Бишкек шаарында кубаттуулугу 250 МВттан ашык электр станциясын куруу үчүн 300 миллион доллар суммасында инвестициялык келишимге кол коюлду. Долбоор энергетикалык инфраструктураны модернизациялоону жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү, ошондой эле ысык суу менен камсыздоо жана жылытуу системасына кошулуу үчүн электр өткөргүч жана жылуулук трассасын курууну камтыйт.