Жогорку Кеӊеште депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын шайлоого даярдык көрүү жана добуш берүү укугун камсыздоо чаралары тууралуу маалыматын талкуулашты. Добуш берүүнүн жаңы технологиялары, анын ичинде аралыктан добуш берүү, жергиликтүү кеңештерде аялдарга квота берүү маселелери каралды.
Жогорку Кеңештин депутаттары 2023-жылдагы шайлоого даярдык көрүү, шайлоо укуктарын камсыздоо жана укуктук маданиятты жогорулатуу маселелерин камтыган Борбордук шайлоо комиссиясынын отчетун талкуулашты. Шайлоо участкаларын түзүүдөгү мыйзам бузуулар, талапкерлерди текшерүү механизмдери жана шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери көтөрүлүүдө. Ошондой эле алдыдагы шайлоолор жана чет өлкөлөрдө жарандарга добуш берүүнү уюштуруу маселеси талкууланууда.