
Садыр Жапаров Вашингтондогу «C5+1» саммитинде сөз сүйлөдү
Кыргыз Республика президенти Садыр Жапаров Вашингтондо өткөн «Ортолук Азия - АКШ» саммитинде өлкөнүн экономикалык өсүшүн, инвестицияларды тартууну жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоону белгиледи. Кыргызстан гидроэнергетика, транспорт жана маалымат технологиялары боюнча америкалык компаниялар менен өнөктөштүк орнотууга кызыкдар. IT кызматтарынын экспорту акыркы беш жылда 45 эсе өскөн, ал эми өлкө криптовалюталарды кабыл алуу боюнча дүйнөдө 19-орунда турат.







