Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык уюмунун өкүлү Серхан Актопрак менен өлкөдөгү миграциялык абалды жана эмгек мигранттарын колдоо чараларын талкуулады. Байсалов Коопсуз миграция боюнча Глобалдык келишимге кол коюлганын белгилеп, мигранттардын укуктарын коргоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Актопрак мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган МОМ долбоорлорун колдоорун ырастады.
Жогорку Кеӊештин комитети өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган миграция жаатындагы Азербайжан менен макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Ошондой эле Казакстан жана Азия өнүктүрүү банкы менен инвестиция жана экологияны башкаруу боюнча макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлору каралып, жактырылды.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуп, кыргыз-орус мамилелеринин келечегин, анын ичинде соода, миграция жана маданий кызматташтыкты талкуулады. Шакиев эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин жана парламенттер аралык диалогду активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Вакунов эмгек мигранттарынын абалын жакшыртууга жана өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого аракет кылаарын ишендирди.
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы 8100 батирлүү жана керектүү инфраструктураны камтыган «Ынтымак» турак жай комплексинин курулушуна капсула салды. Калктын социалдык жактан аялуу катмарын турак жай менен камсыздоо программасынын алкагында жеңилдетилген шарттар жана аманат ипотекасы каралган. 2028-жылга карата өлкөнүн бардык муктаж жарандарын турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.
Жогорку Кеңештин депутаттары күз-кыш мезгилине даярдыктарды жана билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү, анын ичинде мектептердеги окуучулардын көптүгүн, социалдык объектилердин жетишсиздигин талкуулашты. Ошондой эле көмүрдүн баасы жана Бишкек жана Ош шаарларындагы түтүнгө каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды.
Хива шаарында (Өзбекстан) Нурланбек Шакиев менен Маулен Ашимбаевдин жолугушуусу өтүп, анда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды. Эки лидер тең парламенттер аралык кызматташтыктын жана элдердин биримдигинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Казакстандагы кыргызстандык эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүштү. Үчүнчү парламенттер аралык форумду Кыргызстанда өткөрүү пландары жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы жарандардын укуктарын коргоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп жатканын ырастап, кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүүнү жана саякаттоодон баш тартуу боюнча сунуштарды берди. Мекеме ошондой эле мигранттар арасында куралдуу кагылышууларга катышууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
Август 19 Либерал-демократия партиясы Россиядагы мигранттардын үй-бүлѳѳлѳрүнүн ѳлкѳгѳ алып келүүсүн чектеген мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзам долбооруна ылайык, Россияда убактылуу истөө үчүн келген чет элдиктердин үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнѳ кирүүгө тыйуу салынат. Бирок, жогорку квалификациядагы элдик жумушчулардын уй-було мучелеруно озгочо каралган. ЛДПР лидерлери Леонид Слуцкий мигранттардын жакындары жергиликтуу калкка каршы мамиле жасап, оз тилдеринде суйлошуп, компакттуу энклавдарда жашарын белгилешти.