Минск шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган Кыргыз киносунун күндөрү ачылды. Фестиваль белорус көрүүчүлөрүн кыргыз киносу жана маданий салттары, анын ичинде элдин турмушу жана мурасы тууралуу тасмалар менен тааныштырат. Программада «Бейиш энелердин таман астында», «Эсимде» сыяктуу фильмдер керсетулет. Кино күндөрү жуманын аягына чейин уланып, Кыргызстан менен Беларустун маданий байланыштарын чыңдоого көмөктөшөт.
Бишкекте “IT жана гендер: колдоо жана бирдей мүмкүнчүлүктөр” аттуу иш-чара өтүп, ага 50гө жакын катышуучу, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер жана эксперттер катышты. Негизги максат – IT чөйрөсүндө гендердик теңчилик боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана бул жаатта аялдарга колдоо көрсөтүү. Программа башкаруудагы санариптик технологиялар жана эксплуатацияга каршы туруу сыяктуу актуалдуу темалар боюнча лекцияларды жана талкууларды камтыды. Иш-чара тажрыйба алмашуу жана IT чөйрөсүндө бирдей мүмкүнчүлүктөр маселелерин чечүү үчүн аянтча болуп калды.