энергетика

Кыргызстандын Энергетика министрлиги «Ак-Турпак» Күн электр станциясын куруу боюнча кытай компаниялары менен инвестициялык келишимге кол койду.

Кытайдын Сучжоу шаарында өткөн эл аралык форумдун алкагында Кыргызстанда 250 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Макулдашуу Баткен облусунун Ак-Турпак айылында 669,3 гектар аянтта ишке ашырылмакчы.

Ибраев кытайлыктарга «Кемин-Торугарт» жана «Барскоон-Бедель» ЛЭПтерин курууга инвестиция салууну сунуштады

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга иш сапары менен барып, Сучжоу шаарында өткөн «Жашыл энергетика боюнча 10-эл аралык форумга» катышты. Ал электр энергиясына болгон муктаждыктын өсүшүн белгилеп, Кыргызстандын энергетика потенциалы жана эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу айтып берди. Кыргызстан Борбор Азиядагы жашыл энергетиканын флагманы экенин, энергиянын 90% ири ГЭСтерде өндүрүлөрүн белгиледи. Кытайлык өнөктөштөр күн жана шамал станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Эки тараптуу жолугушууда энергетика жана көмүр тармагында кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвесторлорду тартуу маселелери талкууланды. Кытайдын энергетика министри кызматташууга даяр экенин билдирди.

Таалайбек Ибраев кытайлыктарга «Кемин-Торугарт» жана «Барскоон–Бедель» электр чубалгыларынын курулушуна инвестиция салууну сунуштады

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга иш сапары менен барып, жашыл энергетика боюнча эл аралык форумга катышты. Ал энергетиканын экономикадагы маанисин белгилеп, Кыргызстандагы гидроэнергетиканын потенциалы жана Кытай менен кызматташтык тууралуу сөз кылды. Кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте күн жана шамал электр станцияларын куруу долбоорлору талкууланды.

Адылбек Касымалиев ЕӨРБ вице-президенти менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ЕБРР вице-президенти Маттео Патроне менен жолугушуп, энергетика, инфраструктура жана жеке секторду колдоо боюнча долбоорлорду талкуулады. ЕБРРдин мындан аркы өнөктөштүгүн бекемдөө жана артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташуу ниети белгиленди.

Кыргызстанда ЖЭКти өнүктүрүү: долбоорлордун кубаттуулугун 50 МВтга чейин көбөйтүү сунушталды.

Энергетика министрлиги Жогорку Кеңешке Кыргыз Республикасынын "Электроэнергетика жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун сунуштады. Бул өзгөртүүлөр жаңылануучу энергия булактарынын өнүгүүсүн колдоого жана инвестицияларды тартууга багытталган.

«Тамга – Каракол» электр чубалгысын куруу боюнча тендер жарыяланды – Ибраев

«Тамга – Каракол» электр өткөрүү линиясын куруу үчүн тендер жакында жарыяланат. Каржылоо маселеси Ислам банкы менен чечилди. Бул долбоор Караколду жана жакынкы райондорду туристтик хабка айлантууну көздөйт.

Садыр Жапаров: Кыргызстан 2,5 жылдан кийин электр энергиясын импорттоодон баш тартат

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2,5 жылда кышында электр энергиясын импорттоодон баш тартарын билдирди. Өлкөдө энергетикалык долбоорлор ишке ашырылып, 40 ГЭС жана Кара-Кече ТЭЦ курулууда.

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы «Кара-Көл» ГЭСинин ишке киргизилишине катышты

Бүгүн Садыр Жапаров Жалал-Абадда «Кара-Көл» ГЭСин расмий ишке киргизди. ГЭС жылына 104 млн кВт∙саат энергия өндүрүп, өлкөнүн энергия тартыштыгын 2,5% кыскартат. Жергиликтүү инвестор 25 млн доллар салган. 15 жылдан кийин ГЭС мамлекетке өткөрүлүп берилет.