
Кыргызстанда бир жумада дээрлик 6 миң ОРВИ учуру катталды.
Республикада 12-19-октябрь аралыгында 5887 ОРВИ учуру катталды, алардын 64,1% балдар. Эпидемиологиялык сезон башталганы менен, грипп вирусу аныкталган жок. Риновирус эң көп кездешет. Гриппке каршы 63 734 доза вакцина сатылып алынган жана тобокелдик топторуна бөлүштүрүлгөн. Вакцинация Бишкекте жеке медициналык борборлордо да жеткиликтүү. Алдын алуу чараларын сактоо маанилүү.








