
Бакыт Торобаев Дүйнөлүк жаныбарлар саламаттыгын сактоо уюмунун эксперттери менен жолукту
Бакыт Торобаев жолугушууда Кыргызстан менен WOAH ортосунда ветеринардык системаны өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты талкуулады. Ал ветеринардык кызматтын баалоосу тармакты модернизациялоонун маанилүү кадамы экенин белгилеп, реформалар эпизоотикалык туруктуулукту жогорулатып, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын эл аралык рынокко чыгарууга шарт түзөрүн айтты.








