Ысык-Көл районундагы Ак-Шумкар кордонунда браконьерликке каршы күрөшүү үчүн пост түзүлдү. Рейддин жүрүшүндө балык салынган синтетикалык торлор алынган. Тартип бузгандарга айып пул салынды.
Кыргызстандын “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Казакстандан керектүү ветеринардык документтери жок алынып келинген 36 миң кг канаттуулардын эти табылган. Инспекторлор ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык эрежелерин бузгандыктан жүктү жөнөтүүчү өлкөгө кайтарып беришкен.
Бишкектеги “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Казакстандан 2060 кг уй этин алып келүүдө ветеринардык-санитардык эрежелердин бузулушу аныкталды. Инспекторлор жүктү кайра чыккан өлкөгө кайтарып беришти.