Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдиргендей, жол кырсыктарынын 32% жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусу менен болот. Жөө жүргүнчүлөр да жол тыгындарына жана кырсыктарга себеп болушат. Айрыкча Ош базарынын аймагында жөө жүргүнчүлөр жолду кесип өтүшөт, бул унаалардын токтоосуна жана тыгындардын пайда болушуна алып келет. Айдоочу 60-70 км/саат ылдамдыкта бара жатканда, ал токтой албайт же качып кете албайт. Эң азы тыгын же кырсык болот. Окуу жылы башталгандан бери биздин кызматкерлер мектептерде ата-энелерге балдарын коштоп жүрүүнү эскертишти. Бул жерде адам фактору бар. Мамлекет кандай шарт түзбөсүн, адам фактору маанилүү. Айдоочу жана жөө жүргүнчү жол кыймылынын эрежелерин сактап, жоопкерчиликтүү болушу керек.