Абсаттар Сыргабаев «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктунда күнү-түнү иштөөнү уюштуруу боюнча тапшырма берди
Кыргызстандын транспорт министри Абсаттар Сыргабаев “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пунктуна барып, жүк ташуудагы тоскоолдуктарды азайтуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал тейлөө сапатын жогорулатууга жана коррупцияга жол бербөөгө чакырып, кыргыз-кытай достугунун жаңы көпүрөсү менен да таанышты.