Тег Эркештам

«Эркештам» көзөмөл-өткөрмө пунктун жаңыртуу пландалууда

Бишкек, 11.06.25 /Кабар/. КР'дин курулуш министри Нурдан Орунтаев жана мамлекеттик ишкананын директору Талант Жаманаков "Эркештам" пунктун модернизациялоо долбоорунун даярдыгы менен таанышышты. Максаты - пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана чек арадан өтүү шарттарын жакшыртуу. Долбоордо коомдук имарат, 150 орундуу мейманкана, паспорттук көзөмөл кабиналары жана башка объектилер каралган. Модернизация 2025-жылдын 1-октябрына чейин аяктайт.

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

20-октябрда саат 23:44тө кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Очок Алай кырка тоолорунда, Нура айылынан 29 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кыргызстандын калктуу аймактарында 3,5 баллга чейин күчү сезилди.