Байсалов журналисттерди кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы менен куттуктады
Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына арналган медиа форумда министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов журналисттерди куттуктап, элдин тарыхын, маданиятын чагылдырууда “Эркин Тоо” гезитинин маанисин баса белгиледи. Ал өлкөдөгү оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, Кыргызстандын келечеги жакшы болоруна ишенерин билдирди.