Таласта шайлоо мыйзам бузуусуз өттү: 31 миңден ашуун шайлоочу добуш берди
Таласта жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мыйзам бузуулар катталган жок. Коомдук коопсуздукту милиция камсыздап, саат 14:00гө карата 178 миң шайлоочудан 31 миң шайлоочу добуш берди. Облус боюнча 118 шайлоо участогу бар, анын ичинен бирөө алыстан добуш берүү үчүн.