Кыргызстан менен Черногория дипломаттар үчүн визасыз режим киргизди
Кыргызстан менен Черногория тышкы иштер министрлеринин Нью-Йоркто өткөн жолугушуусунда ички жана эл аралык саясат, анын ичинде климаттын өзгөрүшү жана коопсуздук маселелери талкууланды. Тараптар саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүнү макулдашты жана дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу боюнча келишимге кол коюшту.