Бишкекте 25-ноябрда карызы барларга электр жарыгы өчүрүлөт
Бишкекте 25-ноябрда 6 миң 300дөн ашык абонент электр энергияга болгон карызына байланыштуу дистанциондук түрдө өчүрүлөт. Бишкек электр тармактар ишканасы жарандарды төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө үндөп, алардын веб-сайты, мобилдик тиркемеси жана күнү-түнү иштеген колл-борбор аркылуу балансты текшерүүнүн ыңгайлуу жолдорун сунуштайт.