Тег ЭСКАТО

Бишкекте БУУнун Борбор Азия боюнча атайын программасынын 29-жыйыны өттү

Бишкекте БУУнун Борбор Азия боюнча программасынын алкагында туруктуу транспорт боюнча жумушчу топтун 29-жыйыны өттү. Катышуучулар транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жол коопсуздугу жана транспортту жакшыртуу жана чек араларды жөнөкөйлөтүү үчүн санариптик технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.

Бишкекте Туруктуу өнүгүү максаттарынын маалыматтарын талдоо боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте Улуттук статистикалык комитет жана ЭСКАТО тарабынан уюштурулган Туруктуу өнүгүү максаттарынын маалыматтарын талдоо боюнча семинар өттү. Катышуучулар 2030-жылга чейин күн тартибинин максаттарына жетүүдөгү прогресске көз салууга жардам берген SDG Tracker инструментинин алгачкы жыйынтыктарын талкуулашты. Семинар ошондой эле улуттук маалыматтарды талдоо жана трекерди колдонуу менен эл аралык тажрыйба боюнча сессияларды камтыды.