Тег эски үлгүдөгү доллар

Кыргызстандын Улуттук банкы эски долларлар жүгүртүүдөн чыгарылат деген кептерди четке какты

Кыргызстандын Улуттук банкы эски үлгүдөгү долларлар жүгүртүүдөн чыгарылат деген кептерди четке кагып, мындай аракеттер анын ыйгарым укуктарына кирбейт деп түшүндүрдү. Регулятор бардык долларлар, анын ичинде “ак” (1996-жылдан 2006-жылга чейин чыгарылган) мыйзамдуу төлөм каражаты болуп калаарын баса белгиледи. Банк жарандарды акча алмаштыруудан баш тарткан учурлар тууралуу билдирүүгө чакырды.