Тег этнография

Бишкекте Түрк мурастары борбору ачылды

Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде түрк элдеринин археологиясы, тарыхы жана маданияты боюнча изилдөөлөрдү жүргүзө турган Түрк мурастары борбору түзүлдү. Эл аралык Түрк маданияты фондунун алдында иш алып барган борбор тарыхый-маданий объектилерди жана материалдык эмес мурастарды сактоо, элдердин маданий байланыштарын чыңдоо боюнча программаларды да колдоону пландоодо.

Бишкекте Аким Турганбаевдин жеке көргөзмөсүнүн ачылышы болот

12-сентябрда саат 15:00дө Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Аким Турганбаевдин жеке көргөзмөсү ачылат. Сүрөтчү кыргыз элинин этнографиялык кабылдоосун жана салт-санаасын чагылдырган живопись жана графикалык чыгармаларды, ошондой эле тарыхый окуяларды адабий чыгармалардын призмасы аркылуу тартуулайт.