Япониялык инвесторлор Ысык-Көлдө маданий борбор түзүүнү пландоодо
Бишкекте президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен япониялык инвесторлордун жолугушуусу болуп, анда “Аалам Ордо” этнокомплексине маданий борбор куруу долбоору талкууланды. Облус жетекчиси маданий инфраструктураны өнүктүрүү жана туристтерди тартуу үчүн эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Япониялык инвесторлор долбоорго кызыгып, аны ишке ашыруунун мындан аркы кадамдарын талкуулашты.