Жогорку Кеңештин комитетинде эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлору талкууланды
Жогорку Кеңештин комитети Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстанда 9 мектеп курууга грантын ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну өркүндөтүү максатында Азербайжан менен миграция тармагында кызматташуу боюнча келишим да каралды.