Тег фабрикалар

Кыргызстанда ишкерлерге фармацевтикалык заводдорду түзүү сунушталды

Бишкекте саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ICIE делегациясы менен “Life Sciences Park” фармацевтикалык кластерин түзүү маселесин талкуулады. Долбоор эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары жерлерде медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү медициналык буюмдарды жана вакциналарды өндүрүү боюнча жогорку технологиялык объектилерди курууну камтыйт.

Бишкектеги ЭКСПО-2024 көргөзмөсү: фоторепортаж

Бишкекте ЭКСПО-2024 эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылып, ага ар кайсы өлкөлөрдөн 110дон ашык компания катышууда. Негизги максат – жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн экспорттук потенциалын көрсөтүү жана чет элдик өнөктөштөр менен байланыш түзүү. Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда өндүрүш ишканаларын түзүүгө кызыкдар Кытай, Россия жана Түркиянын делегациялары менен B2B форматында жолугушуулар пландаштырылган.