Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушуп, соода, инвестиция, туризм жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Тараптар аймактык туруктуулуктун жана коопсуздуктун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ошондой эле мамилелерди бекемдөө үчүн үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашышты.
Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын саламаттыкты сактоо министрлеринин жолугушуусу өтүп, анда медицина тармагындагы кызматташуунун келечеги, адистерди даярдоо жана фармацевтиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды. Анда кыргыз жарандарынын Түркияда дарылануусуна квота жана оорукананы биргелешип башкаруу сыяктуу негизги маселелер талкууланды. Министрлер органдарды трансплантациялоо жана башка медициналык тармактарда кызматташууну тереңдетүү ниетин билдиришти.
Саламаттыкты сактоо министрлиги менен милициянын биргелешкен рейдинин жыйынтыгында Бишкектеги Ош базарында күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Операциянын жүрүшүндө дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген ишкерлер кармалып, кызматкерлерге кол салуу фактысы катталган. Бир топ өлчөмдө тыюу салынган дары-дармектер алынып, айып пул салынып, тергөө амалдары уланууда.
Чүй облусунда инфузиялык эритмелерди жана инъекцияларды чыгаруучу «Биовит» заводу ачылды, ал сапаттуу дары-дармектерге жетүүнү камсыз кылып, импортко көз карандылыкты азайтат. Президент Садыр Жапаров долбоордун жарандардын ден соолугу үчүн жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн маанисин белгиледи. Завод жылына миллиондогон дааналарды чыгарат жана эл аралык сапат стандарттарына жооп берет.
Андхра-Прадеш штатында жайгашкан фармацевтика заводдо болгон кучтуу жарыуудан 17 адам каза болуп, 40тан ашык адам жабыркады. Жарылуунун алдынан ала себеби химиялык реактордон буу агып кетип катар корсотуудо. Окуянын чоо-жайын териштируу уланууда.
Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык кызматтар агенттиги Улуттук онкология жана гематология борборунун аймагы боюнча радиофармацевтикалык дарыкананы, молекулярдык визуализация борборун жана радионуклиддик терапия борборун курууну пландап жатат. Бул долбоор "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен биргелешип иштеп чыгууда. Жаны технологиялар жана пландоо чечимдери республикада биринчи жолу колдонулмакчы.