Тег фарш

Бишкекте санитардык нормаларды бузган фарш цехтери аныкталды

Бишкекте этти мыйзамсыз жүгүртүүгө жана мал уурулукка каршы күрөшүүгө багытталган “Ветеринардык көзөмөл-мал уурулук” рейддери өткөрүлдү. Базарлар, мал союучу жайлар жана цехтер текшерилип, ветеринардык нормалардын бузулушу аныкталган. Ветеринардык кызмат пландан тышкаркы текшерүүлөрдү баштаган.