Түркия Кыргызстанда өнөр жай аймактарын түзүүгө кызыкдар
Кыргызстан менен Түркиянын экономика министрлери өнөр жай жана технология тармагындагы кызматташууну, анын ичинде Кыргызстанда өнөр жай аймактарын түзүү маселесин талкуулашты. Өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү жана өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча макулдашууга жетишилди.