
Дыйкандарга жылдын аягына чейин 1200дөн ашык айыл чарба техникасы берилет
Кыргызстанда жылдын аягына чейин дыйкандарга 4,5 миллиард сомдук 1200дөн ашык айыл чарба техникасын берүү пландалууда. Суу чарба жана айыл чарба министрлиги банктар менен биргеликте ишке ашырылып жаткан лизингдик долбоорлор аркылуу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жигердүү колдоо көрсөтүүдө. 2011-жылдын башынан бери 17,5 миллиард сомдук 6836 техника чыгарылган, бул айыл чарба тармагын модернизациялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга өбөлгө түзөт.

