Тег Филиппин

Филиппиндердеги кыргызстандыктар «Фунг-Вон» тайфунынан жабыркашкан жок

Кыргызстандын Филиппиндердеги жарандары «Фунг-Вон» тайфунынан жабыркаган жок. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктар менен тыгыз байланышта экенин билдирип, Филиппин тараптан кырсыкка кабылган жарандар тууралуу маалымат алынбаганын маалымдады. Министрлик, ошондой эле, жарандарына жергиликтүү бийликтердин сунуштарын аткарып, сак болушун сунуштады.

Супертайфун «Фунг-Вонг»: Филиппиндерде элди көчүрүү башталды

Супертайфун «Фунг-Вонг» Филиппиндерге жакындап келүүдө, анын шамалы 230 км/ч чейин жетет. Өкмөт мектептерди жана мамлекеттик мекемелерди жабып, жүздөгөн авиарейстерди токтотту. Топтолгон маалыматка ылайык, дээрлик бир миллион адам коопсуз аймактарга эвакуацияланды.

Индонезияда цунами коркунучу жарыяланды

Филиппин жээгинде 7,4 баллдык жер титирөөдөн кийин Индонезиянын айрым аймактарында цунами коркунучу жарыяланды. Түндүк Сулавеси жана Папуа провинцияларында 50 сантиметрге жеткен цунами толкундарынын коркунучу бар.

Азия, Европа жана АКШдан өнөктөштөр менен кызматташтык келишимдери ВИК-2026да кол коюлду

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын даярдоо жана өткөрүү үчүн эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк келишимдери түзүлдү. Бул кадам эл аралык кызматташууну бекемдеп, улуттук делегацияларды түзүүдө системалуу мамилени камсыз кылат.

Азияда “Рагаса” супертайфуну ондогон адамдардын өмүрүн алды.

Супертайфун «Рагаса» Азияда 20дан ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Тайванда 14 адам каза болуп, 124 адам дайынсыз жоголгон. Филиппинде 6 адам каза болуп, 190 миңден ашуун адам жабыркаган. Гонконгдо жүздөгөн рейстер токтотулду.

Кыргызстан ЦАРЭС алкагында санариптик кызматташтыкты илгерилетүүгө активдүү катышууга даяр экенин ырастады

Бишкекте өткөн жыйында ЦАРЭС-2030 стратегиясы талкууланып, киберкоопсуздук, маалымат алмашуу жана санариптик идентификация маселелерине басым жасалды. Кыргызстандын санариптик өнүгүү министрлиги регионалдык кызматташтыкты колдоого даяр.