Тег финансылык документтер

Депутаттар өздөрүнүн сунуштарын бюджеттик мыйзамдарга киргизүүнү талап кылышууда

Жогорку Кеңештин 14-ноябрдагы жыйынында республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлору талкууланып, биринчи окууда кабыл алынды. Төрага Нурланбек Шакиев депутаттардын сунуштары өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү экенин белгилеп, министрлер кабинетин экинчи окууга даярдоодо аларды эске алууга чакырды. Ошондой эле отчеттук материалдарды көргөзмө түрүндө көрсөтүү сунушталды.