Тег финансылык операциялар

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна 55,1 миллион доллар сатты

24-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы кайрадан валюталык интервенция жасап, 55,1 миллион АКШ долларын сатты. Анын ичинен 28,5 миллион доллары ошол эле күнү эсептешүү менен, 26,6 миллион доллары кийинкиге жылдырылган эсептешүү менен сатылган. Бул бир айдагы экинчи интервенция, мурункусу 54,5 миллион долларды түздү.

Улуттук банк валюта рыногуна 54,5 миллион доллар сатты

8-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы валюталык интервенция жасап, 54,5 миллион доллар сатты. Анын ичинен 20 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен сатылса, 34,5 миллион доллары кийинкиге калтырылган эсептешүү менен сатылган. Доллардын расмий курсу 85,20 сом.