
ФОМС саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын туруктуу жакшыртууда
Акыркы беш жылда саламаттыкты сактоо уюмдары заманбап жабдуулар менен үзгүлтүксүз жаңыртылып, 70тен ашуун медициналык уюмдар заманбап жабдууларды алышты. 2021-2025-жылдары медициналык жабдууларды сатып алууга каржылоо 25 миллион сомдон 150 миллион сомго чейин көбөйдү. Жаңы жабдууларга санарип рентген аппараттар, 3D/4D ультраүн системалары, жасалма дем алдыруучу аппараттар, лабораториялык анализаторлор жана башкалар кирет. Жаңы төрөлгөндөргө жана балдарга жардам көрсөтүүчү мекемелерге өзгөчө көңүл бурулуп, алар үчүн кувездер, инфузоматтар жана башка жабдуулар сатып алынган.








