
Президент: Кумтордун кирешесинин бир бөлүгү Тенир-Тоо өнүктүрүү фондуна жумшалат
Президент Садыр Жапаров Нооруз майрамында Нарын шаарында сүйлөп, 2022-жылдан бери «Кумтор» алтын кенинин жалпы кирешесинин 0,6% Тенир-Тоо аймагынын өнүгүү фондуна бөлүнүп жатканын билдирди. Азыркы убакта фонддо 2 миллиард сом чогулду, бул каражат Нарын шаарындагы бир катар долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.








