
Кыргызстан Сиандагы Евразия экономикалык форумунда инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды
Бишкек, 23.09.25. Султан Ахматов Евразиялык экономикалык форумда Кыргызстандын 2030-жылга чейинки өнүгүү программасын жана өлкөнүн транзиттик, логистикалык жана инвестициялык потенциалын тааныштырды. Ал Кыргызстандын ЕАЭБ жана БСУдагы мүчөлүгүн, соода режимдерин жана инвестициялык колдоо чараларын белгиледи.








