Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүп жатат жана Франция менен өнөктөштүккө ачык – экономика министри
Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиев менен Франциянын элчиси Николас Фэй жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Негизги көңүл туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга багытталган Courchevel долбооруна бурулду. Элчи маданият, энергетика жана билим берүү тармагында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.