Садыр Жапаров Астанага Япониянын премьер-министри менен жолугушууга барат
Президент Садыр Жапаров 8-10 августта Астанага иш сапары менен барат. Ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен барууда. Иш сапар учурунда Жапаров Борбордук Азия мамлекеттеринин жетекчилеринин алтынчы Консультативдик жыйынга жана "Борбордук Азия + Япония" саммитине катышат. Ошондой эле, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулайт. Визиттин алкагында "Борбордук Азия + Япония" бизнес-форумуна да катышуусу пландалууда.