Тег гүлчамбар

Акылбек Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барышты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен бирге «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар койду. жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине таазим этти.

Акылбек Жапаров Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, эскеришти

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясына жасаган расмий иш сапарынын алкагында «Александр» бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, курман болгон жоокерлерди бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерди. Мемориал 1967-жылы ачылган.

Нурланбек Шакиев Ашхабаддагы Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коюп эскерди

Ашхабадда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий сапарынын урматына Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду. 2001-жылы ачылган эстелик өлкөнүн көз карандысыздыгын билдирет. Делегациянын курамына бир нече депутаттар кирди.