Бишкектеги кесиптик лицейдин окуучулары Астанада өткөн эл аралык фестивалдын байгелүү орундарына ээ болушту
Бишкек шаарындагы №97 кесиптик лицейдин окуучулары жана мастерлери V эл аралык “ASTAUFEST - 2024” гастрономиялык фестивалында ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Фестивалга алты өлкөнүн өкүлдөрү катышып, Астанадагы коомдук тамактануу колледжи менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.