Догдуркүл Кендирбаева Аксы кесиптик лицейинде күтүүсүз текшерүү жүргүздү
КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусундагы 53-кесиптик лицейде күтүүсүз текшерүү жүргүзүп, окуу корпустарын жана ашканасын текшерди. Ал кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюуну тапшырды, ошондой эле электрик, газчы, кондитер жана программалык камсыздоо адистиктери боюнча билим алып жаткан студенттер менен баарлашты.