“Бакудагы климаттык саммит: Кыргызстан жашыл экономика долбоорлорун сунуштады”
Бакуда өткөн COP29 конференциясында Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана климаттык каржылоонун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Экономика министринин орун басары сел менен күрөшүү жана геотермалдык энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду сунуштады, ошондой эле жашыл демилгелерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.